Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт


6-октябрда түнкүсүн Талас облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу аймактарда карга айланат.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 17…22 градус жылыйт.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз кечке жуук жаан жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 20…22° жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG