Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:21

Салык кызматы тогуз айда 132 млрд сом чогултту


Кыргызстандын улуттук валютасы – сом. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын улуттук валютасы – сом. Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматы январь-сентябрь айларында 178 млрд 654,2 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, муну менен белгиленген план 2,1 млрд сомго ашыкча аткарылган. Жыйналган сумма былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30,5 млрд сомго көп экени да айтылат.

Тогуз айдагы топтолгон каражаттардын ичинен 132 млрд 54,2 млн сом салык жана төлөмдөргө туура келет. Бул сумма былтыр январь-сентябрда 111 млрд 755,4 млн сомду түзгөн.

Мекеме салык жана башка төгүмдөрдү жыйноонун көбөйүшүнө көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ), электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК), электрондук эсеп-фактураларды (ЭСФ) жана башка инновациялык ыкмаларды киргизүү оң таасирин тийгизгенин маалымдайт.

Салык кызматынын сайтында жазылгандай, алар 2023-жылы республикалык бюджетке 171 млрд 410 млн сом салык, жергиликтүү бюджетке 22 млрд 967 млн сом салык жыйнашы керек. Мекеме ошондой эле 54 млрд 485 млн камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу планын койгон, мунун тогуз айдагы суммасы 46 млрд 600 млн сомду түзгөн. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG