Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:28

Орусия басып алган аймакка кеткен украиналык журналист дайынсыз жоголду


Виктория Рощина
Виктория Рощина

Орусия оккупациялап алган аймактарга репортаж даярдоо максатында жөнөп кеткен украиналык журналист Виктория Рощина дайынсыз жоголгонун The Daily Beast жазды. Басылма ал үй-бүлөсү менен 3-августтан бери байланыша электигин маалымдады.

Атасы Владимир Рощиндин айтымында, Украинанын коопсуздук кызматы Викторияны орустар кармап кеткенин тастыктаган. Журналист орус түрмөлөрүндөгү украиналык туткундардын арасында болушу мүмкүн экени болжолдонууда.

Атасынын белгилешинче, 27-июлда Рощина а дегенде Польшага барып, андан ары Украинанын чыгышындагы оккупацияланган аймактарга Орусия аркылуу үч күндө жетиши керек болчу.

Виктория Рощина "Эркин Европа/Азаттык" радиосу үчүн бир катар репортаждарды жасаган. 2022-жылы радио менен фрилансер катары кызматташкан. Андан тышкары, "Украинская правда" жана башка басылмаларга макалаларды жазган.

Эл аралык аялдар медиа фонду Рощинанын дайынсыз жоголушуна тынчсыздануу билдирди. "Комчулукту 2022-жылы "Журналистикадагы эрдик" сыйлыгын алган Виктория Рощинанын жагдайына көңүл бурууга чакырабыз", - деп айтылат фонддун кайрылуусунда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG