Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:30

Түркмөнстанда дем алуу органдарынын оорулары күч алды


Түркмөнстанда суук тийүүгө окшош белгилер менен ооругандар көбөйгөнүн "Азаттыктын" түркмөн кызматы жергиликтүү дарыгерлерге таянып жазды. Маалыматта дем алуу органдарынын оорулары күч алганы айтылат.

Күбөлөрдүн белгилешинче, Мары шаарында ооруканалар бейтапка толуп калды, айрым райондордо дарыгерлер оорулууларга үйдө дарыланууну сунуштап жатышат.

Адистер дем алуу органдарынын ооруларынын күчөшүн аба табынын өзгөрүшү менен байланыштырууда.

Дарыгерлер "Азаттыктын" Ашхабаддагы кабарчысына коронавирустун Omicron штаммы менен ооругандардын саны көбөйүп жатканын билдиришкен.

Ондогон жылдар бою түркмөн бийлиги оорулардын статистикасын жарыялабайт. Түркмөнстан коронавирус пандемиясында өз аймагында COVID-19 катталганын тааныбаган жалгыз өлкө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG