Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:03

Косово Сербияны аннексиялоо аракетине байланыштуу айыптады


Косоводогу НАТОнун бейпилдик күчтөрү. 30-май, 2023-жыл.
Косоводогу НАТОнун бейпилдик күчтөрү. 30-май, 2023-жыл.

Приштина Белградды Косовонун түндүк бөлүгүн "аннексиялап алуу ниети" бар деп айыптады. Анда Сербия аймакты ээлеп алууга байланыштуу атайын план даярдаганын, өткөн айдын аягында куралуу топтун кол салуусу ошол пландын бир бөлүгү болгонун билдирди.

Косовонун премьер-министри Альбин Курттун сөзүнө караганда, бул маалыматтар полициянын колуна тийген документтерге негизделген, бирок ал эмне болгон документтер экенин айткан жок.

Косовонун түндүгүндө жашагандардын басымдуу бөлүгүн этностук сербдер түзөт жана Приштина буга чейин бир канча жолу Белградды аймакты кырдаалды туруксуздаштырууга байланыштуу айыптаган.

24-сентябрда өлкө түндүгүндөгү православдардын чиркөөсүнө жасалган кол салуудан төрт киши мерт болгон. Ал күнү отуз чакты куралчан жоочу чиркөөгө кирип барып, полиция менен атыша кеткен.

НАТО 29-сентябрда Косовонун түндүгүндөгү кырдаал чыңалып жатканынан улам ал жактагы бейпилдик күчтөрүнүн санын көбөйтөрүн кабарлаган.

Быйыл майда негизинен этностук сербдер отурукташкан аймактарга албан тектүү мэрлерди дайындоо аракетин көргөндө, башаламандык чыккан.

Бир нече күнгө созулган кагылышууларда бейпилдик күчтөрүнүн ондогон аскерлери жана каршылык акциясына чыккан этностук сербдер жараат алышкан.

Расмий Белград мурдагы Косово провинциясына орноткон көзөмөлүн 1999-жылы жоготкон. Косово Сербиядан бөлүнгөнүн 2008-жылы бир тараптуу жарыялап, аны ушул күнгө чейин дүйнөнүн 110дой мамлекети тааныды. Сербия Косовону өзүнүн бир бөлүгү деп эсептейт. Косовонун эгемендигин расмий Белграддын башкы союздаштары саналган Кытай менен Орусия тааныган эмес.

Косовонун 1,8 миллиондой калкынын 92 пайызын албандар, алты пайыздайын сербдер түзөт. Сербдер Косовонун түндүк аймактарында басымдуу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG