Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:41

Казакстан тууралуу жагымсыз пикир айткан чет элдиктер өлкөгө киргизилбейт


Казакстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Айбек Смадияров. 17-апрель. 2023-жыл.
Казакстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Айбек Смадияров. 17-апрель. 2023-жыл.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги өлкө тууралуу жагымсыз пикир айткан чет өлкөлүктөрдүн тизмесин түзүп жатканы жана аларга Казакстанга кирүүгө тыюу салынары маалым болду. Бул тууралуу 2-октябрда брифингде министрликтин расмий өкүлү Айбек Смадияров кабарлады.

«Албетте, мындай тизмени түзүп жатабыз. Бирок, бул министрликтин ички тизмеси болгондуктан, ал жарыяланбайт. Казакстан тууралуу жагымсыз маалыматтарды жарыялагандарды назардан тыш калтырбайбыз. Тизмеде канча киши бар экенин да айталбаймын. Алар үчүн чек ара жабылат, өлкөгө киргизилбейт», -деди Смадияров.

Соңку жылдары орусиялык саясат таануучулар менен серепчилеринин Казакстанга байланыштуу билдирүүлөрү көбөйө түштү. Казакстан калкынын активдүү бөлүгү мындай билдирүүлөрдү коркунуч катары кабыл алат.

Мурдараак Мосгордуманын депутаты Сергей Савостьянов Казакстанды Украина сыяктуу «денацификациялоо» жана «демилитаризациялоо» керек экенин билдирген. Андан соң орусиялык саясат таануучу «Украинадан кийин тизмеде Казакстан» экенин айткан. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков мындай сөздөр Москванын расмий позициясы эмес деп түшүндүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG