Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:40

Бакунун өкүлдөрү менен Тоолуу Карабактын де-факто лидерлери жолугат


Азербайжандын жана жикчил Тоолуу Карабактын өкүлдөрүнүн Евлахтагы жолугушуусу. 21-сентябрь, 2023-жыл. Азербайжан.
Азербайжандын жана жикчил Тоолуу Карабактын өкүлдөрүнүн Евлахтагы жолугушуусу. 21-сентябрь, 2023-жыл. Азербайжан.

Азербайжан бийлигинин өкүлдөрү менен Тоолуу Карабак аймагынын де-факто лидерлери 2-октябрда жикчил аймактын борбору Степанакертте жолугушат. Бул тууралуу азери жана орусиялыкмаалымат каражаттары жазышты. Бул этностук армяндардын«реинтеграциясы» тууралуу сүйлөшүүлөрүнүн төртүнчүсү айлампасы болуп калат.

Ушул эле күнү Армениянын Коргоо министрлиги азери тарап армян аскерлерине тамак-аш алып бараткан автоунааны аткылаганын, жабыркагандар бар экенин билдирди. Азербайжан бул дооматты четке какты.

Сүйлөшүүлөрдүн буга чейинки үч айлампасы Азербайжандын Евлах шаарында жана Тоолуу Карабактагы Хожалы шаарында өткөн.

19-сентябрда Азербайжан Тоолуу Карабакта «антитеррордук операция» баштаганын жарыялаган. Эртеси күнү жикчил аймактын лидерлери Бакунун шарттарына макул болуп, багынып беришкен.

Сентябрдын соңунда Тоолуу Карабак түзүмү 2024-жылдын 1-январынан тартып жоюлары тууралуу буйрукка кол коюлду.

20-сентябрдан бери Тоолуу Карабактагы 120 миңдей этностук армяндардын 100 миңден көбү Арменияга чыгып кетти. Ереван Бакуну «этностук тазалоого» айыптаса, азери тарап бул дооматтарды четке кагып, этностук армяндардын азери коомуна «реинтеграциялоо» аракетин көрүп жатканын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG