Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:36

Селекциядагы зомбулук: Базарбеков пробация колдонгон судьяны сындады


Замирбек Базарбеков.
Замирбек Базарбеков.

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Бишкекке жакын Селекция айылында мурдагы күйөөсү бычактап, кулак-мурдун кескен Асел Ногойбаеванын окуясы тууралуу комментарий берди. Ал "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде кылмышка шектүүгө буга чейин зордуктоо беренеси менен эки кылмыш иши козголгонун, биринчи иш жабырлануучунун арызы менен кыскарып, экинчи иште судья аны пробациянын негизинде бошотконун белгиледи.

Базарбеков ал судьянын жоопкерчилиги каралышы керектигин айтты. Ошондой эле мыйзам менен зордук-зомбулукка баргандарга пробация колдонууга тыюу салынышы керектигин белгиледи.

"Экинчи жолу зордуктоого айыпталганда судья ага эркинен ажыратылбаган жаза - пробация берген экен. Мен албетте аны туура эмес көрдүм. Биринчи иши кыскарса дагы, айыптоодон баш тартылса дагы жаза чектелиши керек эле. Биз Соттор кеңешине сунуш жөнөтүп жатабыз. Тез арада чара көрүп, ал судьянын ишине баа берип, чечим кабыл алып бергиле деп кайрылдык. Так айтканда, ал судья жумушунан кетиши керек болчу. Мындай соттор жараксыз болуп саналат. Андайды коомчулук дагы, мамлекетибиз дагы жактырбайт. Бизге карата негиздүү сын айтылса аны кабыл алышыбыз керек, андан качпашыбыз керек. Бул жерде соттордун дагы, мыйзамдын дагы күнөөсү бар. Мыйзамда зордуктоо кылмышын кылгандарга пробация колдонууга ачык жол берип койгон. Биздин парламент дагы муну эске алышы керек. Зордуктоо иштерине пробация колдонулбайт деген мыйзам кабыл алып бериши керек. Анан пробацияны ушинтип ачык коюп берип койгондо сотторго кудай берип жатат да ",- деди Базарбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев зордуктоого шек саналган 88 адам пробациянын негизинде соттон бошоп кеткенин айтып чыккан.

Мурдагы күйөөсүнүн мыкаачылыгынын курмандыгы болгон Асел Ногойбаева биринчи жолу үн каткан. Анын кыска видеосу келинге жардам чогултуу үчүн ачылган Инстаграм баракчага жарыяланган. Анда Ногойбаева мурдагы күйөөсүнүн зөөкүрлүгү тууралуу укук коргоо органдарына бир канча жолу кайрылганын, бирок ага каршы чара көрүлбөгөнүн билдирген.

Ногойбаеванын билдирүүсү тууралуу Ички иштер министрлиги азырынча комментарий бере элек.

Үрөй учурган окуя 20-сентябрда болгон, 36 жаштагы аял бычакталып, ооруканага түшкөн. Кылмышка шектүү катары анын мурдагы күйөөсү, 39 жаштагы жаран кармалган.

Бул фактыдан улам Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин ("Денеге оор залал келтирүү") негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатат.

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков келиндин ишине байланыштуу кеңешме өткөргөндө бычактоого шек саналып кармалган жаранга буга чейин эки жолу зордуктоо беренеси менен кылмыш иши козголгону, ал пробация менен бошотулганы белгилүү болгон.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда быйыл жыл башынан берки сегиз ай ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка байланыштуу 8,5 миңден ашык факт катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG