Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Шаардык сот Алимжановдун мандаты боюнча чечимди күчүндө калтырды


Фарходбек Алимжанов.
Фарходбек Алимжанов.

Бишкек шаардык соту бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Фарходбек Алимжановдун мандатынан ажыратылышы боюнча арызын карап, буга чейинки инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.

Сот чечими боюнча Алимжанов комментарий бере элек.

20-сентябрда шаардык сотто дагы бир депутат Фархат Исмаиловдун арызы каралып, канааттандырылган эмес.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов (“Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясы) менен Фарходбек Алимжановду ("Альянс") диплом чырына байланыштуу 6-июлда мандатынан ажыраткан. Анын алдында Билим берүү жана илим министрлиги дипломдору жасалма деп шек саналган депутаттар тууралуу материалдарды Боршайкомго жөнөткөнү маалым болгон.

Эки депутат БШКнын чечими боюнча сотко арызданган. Бишкек шаардык административдик соту алардын арызын август айында карап, канааттандырган эмес.

“Альянс” фракциясы Алимжановдун мандатынын алынышы боюнча БШК чечимин сындап, сотту бул маселени калыс кароого чакырган. Фракция ошондой эле 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында бул маселени териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштап, депутаттар аны колдогон эмес.

Былтыр апрель айында Улуттук коопсуздук комитети Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун жогорку билими тууралуу документтери жасалма болуп чыкканы тууралуу БШКга маалымат берилгенин билдирген.

Парламенттин сайтындагы маалыматка ылайык, Исмаилов Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти жана Юридикалык академияны аяктаган. Ал эми Алимжанов жогорку билимди алгач Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясында алган.

Экөө тең дипломдору жасалма деген маалыматты четке кагып, мандатын коргоо үчүн мыйзамдуу кадамдарга бара турганын билдиришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG