Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:41

Рим папасы Азербайжан менен Арменияны диалогго чакырды


Рим папасынын 1-октябрдагы кайрылуусу маалында тартылган сүрөт.
Рим папасынын 1-октябрдагы кайрылуусу маалында тартылган сүрөт.

Рим папасы Франциск жекшемби күнкү кайрылуусунда Тоолуу Карабактын айланасындагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирди.

"Мен дагы бир жолу Азербайжан менен Арменияны диалогго чакырам. Эл аралык коомчулуктун колдоосу менен тараптардын сүйлөшүүлөрү гуманитардык кризисти токтото турган туруктуу келишимге алып келет деп ишенем", - деди ал.

Жикчил Тоолуу Карабакты таштап Арменияга качкан армян тектүү жарандардын саны 30-сентябрда 100 миң 500гө жакындады. Армян өкмөтү 30-сентябрда тараткан маалыматта алардын ичинен 45 миңден көбү турак жай менен камсыз болгонун, башкаларды каттоо уланып жатканын белгиледи. Жыл башындагы маалыматка караганда, Тоолуу Карабакта 120 миңге жакын адам жашап жаткан.

Азербайжандын бийлиги Тоолуу Карабакта жашагандардын коопсуздугуна кепилдик берилерин, аларды азери коомуна "реинтеграция" кылуу аракетин көрүп жатканын билдирген.

Буга чейин Германия жана АКШ Тоолуу Карабактын калкынын коопсуздугун камсыздаган эл аралык миссия түзүүнү сунушташкан. Москва бул Бакунун макулдугу менен гана ишке ашырылышы мүмкүндүгүн белгилеген.

Аймактын бийлиги 20-сентябрдан Азербайжандын шарттарына баш ийип, багынып берүүгө макул болгон жана көп өтпөй ал жактан армян тектүү жарандар жапырт чыгып кете баштаган.

Жекшембиде БУУнун миссиясы Тоолуу Карабакка барганын Азербайжандын АПА агенттиги жазды. Маалыматта БУУнун түрдүу багыттарында иштеген адистерден турган топ жеринде абал менен таанышуу жана тургундардын гуманитардык муктаждыктарын аныктоо максатында барганы айтылат.

Азербайжанды "этностук тазалоого" айыптаган Армения Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эл аралык сотуна Бакуга каршы арыз жолдоду. Азери бийлиги буга комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG