Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:33

Тажикстан Ооганстан тууралуу жыйында декларацияны колдогон жок


Замир Кабулов менен "Талибан" кыймылынын өкүлүнүн учурашуусу. Москва, 20-октябрь, 2021-жыл.
Замир Кабулов менен "Талибан" кыймылынын өкүлүнүн учурашуусу. Москва, 20-октябрь, 2021-жыл.

Татарстандын борбору Казань шаарындагы Ооганстан жөнүндөгү жыйындын соңунда кабыл алынган декларациянын айрым жоболорунан улам аны Тажистан колдогон жок. Бул тууралуу Орусиянын президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабуловго шилтеме кылып бир катар басылмалар жазды.

Казанда 29-сентябрда учурда ооган өкмөтүн башкарып жаткан "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү катышкан, Москва форматындагы бешинчи жыйын өткөн.

ТАСС агенттиги Кабуловго шилтеме кылып Казандагы декларацияны Тажикстандан башка катышуучулардын баары колдогонун, расмий Дүйшөмбү документтеги айрым жоболорго каршы болгонун билдирди. Бирок ал кандай жоболор экенин тактаган эмес.

Орусиялык басылмалардагы маалыматтарга караганда, жыйында Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Шараф Рахими Ооганстанда улуттук азчылыктардын укугу, этностук топтор арасында экономикалык жана саясий ресурстар тең бөлүштүрүлбөй жатканы тууралуу маселе көтөргөн. Дүйшөмбү калктын бардык тобу катышкан өкмөт түзүүнү колдорун билдирген.

Тажикстан менен Ооганстандын жалпы 1300дөн ашык чакырымды түзгөн чек арасы бар. Өткөн айдын башында Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун бийлиги эки өлкөнүн чек арасындагы базарлар ишин жандантканын билдирген.

"Талибан" Ооганстанда бийликти 2021-жылы августта басып алгандан бери Дүйшөмбү ооган аймагындагы тажик жоочулары тууралуу камтамачылык билдирип келет.

Өлкөнүн атайын кызматы 5-сентябрда эл аралык террорчул уюмдун үч согушкери 30-августка караган түнү чек арадан Тажикстанга мыйзамсыз өтүп келгенин, ок атышууда баары жок кылынганын кабарлаган.

Тажикстан менен Кабулдун жаңы башкаруучуларынын дипломаттык катышы жок. Тажик президенти Эмомали Рахмон баштаган бир катар жетекчилер "Талибан" кыймылын көп жолу сындаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG