Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:18

Украина коргоо индустриясынын эл аралык альянсын түзөт


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Владимир Зеленский Украинанын аймагында курал-жарак өндүрүүчү эл аралык альянс түзүлөрүн жарыялады. Бул тууралуу "Свобода" радиосу билдирди.

"Биз Алянстын негизинде атайын базалык декларация дайындадык. Ага дүйнөдөгү курал-жарак жана аскердик техника чыгарган жана заманбап доордо агрессиядан коргонууну каалаган бардык өндүрүшчүлөр кошула алат", - деди украин президенти Киевде өткөн коргоо индустриясынын биринчи форумунда.

Зеленскийдин айтымында, форумга 30 өлкөдөн келген 252 компания чогулган жана Украина алардын курал-жарак, техникасын өзүндө чыгарууга кызыкдар.

Зеленский АКШга болгон сапарында Жо Байден менен биргеликте курал чыгарууну сүйлөшкөнүн да айтты. Анын белгилешинче, Украина деңиз дрондорунун биринчи флотун түзөт.

Украин Тышкы иштер министрлиги курал өндүрүүчү алянска азыр эле 19 өлкөдөн 38 компания кошулганын билдирди. Бул өлкөлөрдүн тизмеси ачыкка чыккан жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG