Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:03

Өкмөт 2024-жылы ички дүң өнүм 1,5 трлн сомдой болот деп болжоп жатат


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Министрлер кабинети 29-сентябрда жыйынга чогулуп, өлкө экономикасына байланыштуу бир катар маселелерди, анын ичинде "2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджет жөнүндөгү" мыйзамдын долбоорун карады.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда өкмөт башчысы Акылбек Жапаров өлкөдө ички дүң өнүм 2024-жылы 1 триллион 464 миллиард сомду түзөт деп божомолдоп жатканын айтты. Андан сырткары келерки жылы бюджеттин профицити 20 миллиард сомго пландалып жатканын кошумчалады.

“Биз орто мөөнөттүү бюджеттин профицитин болжоп жатабыз. Орто мөөнөттүү мезгилге бул профициттин негизги себептери болуп бюджеттин өздүк кирешелеринин көбөйүшү, ошондой эле бюджетти колдоонун алкагында тышкы түшүүлөрдү тартуу тенденциясынын төмөндөшү саналат. 2024-жылга республикалык бюджеттин долбоорунда бюджеттик колдоонун алкагында берилүүчү насыялар жана гранттарга байланыштуу суммалар жок. Биз өзүбүздүн булактарга таянабыз”, - деген Жапаров.

Өткөн аптада Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Кыргызстанда алтын өндүрүү жайлаганына жана аба ырайы айыл чарбасына терс таасирин тийгизгенине байланыштуу экономиканын темпи жайлап, 2023-жылдын жыйынтыгында 3,8% өсүү менен чыгат деп эсептеген.

АӨБ мурдагы болжолунда Кыргызстанда ички дүң өнүмдүн темпи 4,5% болот деп билдирген. Жаңы баяндамада финансылык уюм кыргыз экономикасы 2024-жылы 4% жогорулайт деп жазылган.

Кыргыз өкмөтү алгач 2023-жылы экономикадагы өсүш 4,9-5% болот деп болжолдоп жаткан. Кийин такталган эсебинде мерчемин 4,5% чейин түшүргөн. Мунун себебин Экономика министрлигиндеги аткаминерлер Кумтөрдөгү алтын өндүрүшү кыскарганы менен түшүндүргөн.

Улуттук статистика комитетинин эсебинде, 2023-жылдын январында ички дүң өнүмдүн өсүү темпи 4,8% түзгөн. Көрсөткүч январь-апрелде 4,4%, январь-июлда 3,9%, январь-августта 3,3% темп менен чыкты.

Статкомдун маалыматтарына ылайык, Кыргызстандын ИДПсы соңку жылдары 4-5% темп менен өсүп келсе, 2020-жылы 8,4% чейин түшүп кеткен. 2021-жылы 6,2%, 2022-жылы 7% өсүш менен чыкты. Адистер бул эки жылдагы көрсөткүчтөр 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу төмөндөп кеткен экономиканын фонунда көп көрүнүп жатканын белгилеп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG