Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:35

Пакистанда эки мечиттеги жардырууда ондогон адам набыт болду


Биринчи жардыруу Белужистан провинциясындагы мечитте орун алды.
Биринчи жардыруу Белужистан провинциясындагы мечитте орун алды.

Пакистанда жума күнү, 29-сентябрдагы эки мечиттеги катуу жардырууда ондогон адам мерт болуп, дагы бир канча киши жараат алды.

Биринчи жардыруу Белужистан провинциясында орун алды. Баштапкы маалыматтарга караганда кол салууда 50дөн ашык кишинин өмүрү кыйылып, жүздөй тургун жараат алды.

Экинчи жардыруу Пешевардагы мечиттердин биринде болду. Анда уранды алдында кеминде 40тай адам калганы кабарланып жатат.

Белужистандын бийлиги жардырууну жанкечти уюштурган болушу ыктымалдыгын, ал өзүн мечиттин жанында токтоп турган полициянын машинасынын жанында жардырышы мүмкүндүгүн билдирди.

Азырынча кош жардырууга байланыштуу эч бир топ жоопкерчиликти ала элек.

Пакистандык талибдердин "Техрик-и-Талибан" тобу дароо жардырууну айыптаган билдирүү таратты.

Иран менен чектеш аймакка жакын Белужистан провинциясындагы жардыруулардын көбүнө жоопкерчиликти буга чейин "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу алып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG