Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:23

НАТО Косоводогу бейпилдик күчтөрүн бекемдерин билдирди


Косоводогу НАТОнун бейпилдик күчтөрү. 30-май, 2023-жыл.
Косоводогу НАТОнун бейпилдик күчтөрү. 30-май, 2023-жыл.

НАТО 29-сентябрда билдиргендей, Косовонун түндүгүндөгү кырдаал чыңалып жатканына байланыштуу ал жактагы бейпилдик күчтөрүнүн санын көбөйтөт.

«Кечээ Түндүк Атлантикалык аскердик альянстын кеңеши кырдаалды жайгаруу үчүн кошумча күч жөнөтүүнү чечти», - деп жазылган 29-сентябрдагы билдирүүдө. Канча аскер жиберилери так маалымдалган жок.

24-сентябрда өлкө түндүгүндөгү православдардын чиркөөсүнө жасалган кол салуудан төрт киши мерт болгон. Ал күнү отуз чакты куралчан жоочу чиркөөгө кирип барып, полиция менен атыша кеткен.

Быйыл майда негизинен этностук сербдер отурукташкан аймактарга албан тектүү мэрлерди дайындоо аракетин көргөндө, башаламандык чыккан.

Бир нече күнгө созулган кагылышууларда бейпилдик күчтөрүнүн ондогон аскерлери жана каршылык акциясына чыккан этностук сербдер жараат алышкан.

Расмий Белград мурдагы Косово провинциясына орноткон көзөмөлүн 1999-жылы жоготкон. Косово Сербиядан бөлүнгөнүн 2008-жылы бир тараптуу түрдө жарыялап, аны ушул күнгө чейин дүйнөнүн 110дой мамлекети тааныды. Сербия Косовону өзүнүн бир бөлүгү деп эсептейт. Косовонун эгемендигин расмий Белграддын башкы союздаштары саналган Кытай менен Орусия тааныган эмес.

Косовонун 1,8 миллиондой калкынын 92 пайызын албандар, алты пайыздайын сербдер түзөт. Сербдер Косовонун түндүк аймактарында басымдуу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG