Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:27

Германия+Борбор Азия: канцлер Шольц лидерлер менен жолукту


Германиянын канцлери Олаф Шольц жана Борбор Азиянын делегациялары менен, Берлин, 29-сентябрь, 2023-жыл.
Германиянын канцлери Олаф Шольц жана Борбор Азиянын делегациялары менен, Берлин, 29-сентябрь, 2023-жыл.

Берлинде канцлер Олаф Шольц Германия+Борбор Азия саммитинин алкагында чөлкөмдөгү мамлекеттердин лидерлери менен жолукту. Ага Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок дагы катышты.

Буга чейин Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Берлиндеги Бельвю резиденциясында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, түркмөндөрдүн Халк Маслахатынын төрагасы, экс-президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен эртең мененки сый тамак үстүндө жолугушкан.

Эксперттердин баамында, бул жыйында Шольц лидерлерди Орусияга Батыштын санкцияларын айланып өтүүгө көмөктөшпөөгө чакырат.

Саммит чөлкөмдөгү сөз эркиндигин, саясий укуктарды сактоого чакырган акциялар менен коштолду. Human Rights Watch уюму немис жетекчилигин саммитте Борбор Азиядагы адам укуктарына жана мыйзам үстөмдүгүнө байланыштуу көйгөйлөрдү козгоого үндөдү.

Германия - соңку бир жыл ичинде Борбор Азия лидерлерин саммитке чогулткан алтынчы өлкө. Былтыркы октябрь айынан бери чөлкөмдөгү беш мамлекеттин лидерлери Орусия, Кытай, Евробиримдик, Араб мамлекеттеринин башчылары жана АКШнын президенти менен жолугушту.

Орусия Украинага басып киргенден кийин Москваны кескин айыптап, ага каршы санкция салгандардын сап башында Германия турат. Борбор Азия өлкөлөрү согушка карата “бейтарап” позицияда экенин жарыялашкан. Бул чөлкөмдүн Орусияга экономикалык жактан тыгыз чырмалганы менен түшүндүрүлөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG