Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:18

Швейцария Гүлнара Каримованы кылмыштуу топту жетектөөгө айыптады


Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримова Канн фестивалында. 22-май, 2010-жыл.
Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримова Канн фестивалында. 22-май, 2010-жыл.

Швейцариянын Башкы прокуратурасы 28-сентябрда Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримованы кылмыштуу топту жетектөөгө жана пара алууга айыптады. Маалыматка караганда, Каримова 2001-2013-жылдары «Офис» деген аталыштагы кылмыштуу топту жетектеп турган. Анын курамына ондогон кишилер жана көп сандагы компаниялар кирген. Прокуратура билдиргендей, анын баары ишкерликке жамынып, кимдир-бирөөлөрдү коркутуп-үркүтүү менен кылмыштуу аракеттерди жүргүзүшкөн. Маалыматта Каримова «Офисти» түзүп, анын башында турганы белгиленген. Ал ошондой эле Швейцарияда компаниянын атына жана анын мүчөлөрүнө банк эсептерин ачуу, кылмыштуу активдерди которуу жана аларды негиздөө үчүн жасалма документтерди берүү сыяктуу операцияларга да жеке өзү аралашканы жазылат.

Андан тышкары Өзбекстандын телекоммуникациялык тармагына кирүүнү көздөгөн чет өлкөлүк компаниялар Каримовага пара берүүгө аргасыз болушканы белгиленет.

Швецариянын прокуратурасы Каримованын камактагы 500 миллион доллардай активдерин конфискациялоону федералдык соттон өтүндү.

Иликтөөнүн алкагында 370 миллион доллар конфискацияланып, Өзбекстанга кайтарылган.

Швейцариянын федералдык прокуратурасы иликтөөсүн 2012-жылы баштаган. Андан бери жалпысынан Каримовага тийиштүү 900 миллион долларлык активдери, анын ичинен кыймылсыз мүлк, накталай акча жана асыл таштар конфискацияланган.

Бул боюнча Швеция, Франция, Норвегия, Нидерланддар, АКШ жана Британияда бир катар кылмыш иштери козголгон.

Гүлнара Каримовага байланышы бар АКШ, Швейцария жана АКШдагы активдери 1,4 миллиард долларга бааланып келет. Өзбекстандын өкмөтү мунун жарымын кайтаруу аракетин көрүп жүрөт.

Каримова Ташкент облусундагы түрмөдө отурат. Ага "Опузалап мүлктү менчиктеп алуу", "Ысырап кылуу", "Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо" беренелери менен айып коюлган. Каримова 2020-жылы 18-мартта 13 жыл, төрт айга эркинен ажыратылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG