Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:43

Германия+Борбор Азия саммити активисттердин акциясы менен коштолууда


Тажик оппозициясынын митинги. Берлин, 2023-жыл.
Тажик оппозициясынын митинги. Берлин, 2023-жыл.

Берлинде өтүп жаткан Германия-Борбор Азия саммити чет жактагы борборазиялык активисттердин нааразылык акциясы менен коштолууда. Саммит өтүп жаткан сарайдын алдына чогулган оппозициячыл активисттер Борбор Азия лидерлеринен «Путиндин режимине салынган эл аралык санкцияларды буйтап өтүүгө көмөктөшпөөнү» талап кылышты. Ошону менен катар алар «Орусиянын Украинага каршы ачкан согушун айыптоого, беш мамлекетте Кремлдин пропагандасынын үнүн өчүрүүгө» чакырышты.

Активисттер Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев, Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдон сөз эркиндигин, журналисттердин коопсуздугун камсыздоону, саясий, диний жана башка багыттар боюнча жарандарды куугунтуктоону токтотууну талап кылышты.

28-сентябрда Берлинге барган Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астана Батыштын Орусияга каршы санкцияларын "аткарарын" билдирген. Буга чейин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дагы Батыштын санкцияларга байланыштуу тынчсыздануусун түшүнүү менен кабыл аларын айткан. Кыргызстандын өкмөтү да санкцияларды айланып өтүүгө жол бербөө үчүн бардык чаралар көрүлүп жатканын билдирген.

Чет жактагы тажик оппозициясы 28-сентябрда Тажикстандын Берлиндеги элчилигинин алдында да акция өткөргөн.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Берлинди Борбор Азия лидерлерине Европа менен узак мөөнөттүү кызматташуу үчүн аймакта адам укуктарын жана мыйзам үстөмдүгүн сактоо зарыл экенин эсине салып коюуга үндөдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG