Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:26

Берлинде президент Жапаров кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолукту


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Германиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен Берлиндеги элчиликтин алдында. 28-сентябрь, 2023-жыл.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Германиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен Берлиндеги элчиликтин алдында. 28-сентябрь, 2023-жыл.

28-сентябрда президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Берлиндеги элчилигинде кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолукту.

Жарым саатка созулган бул иш-чарага "Азаттыктын" журналисти Санжар Эралиев киргизилген жок. Президенттин басма сөз кызматынын өкүлдөрү муну "алдын ала аккредитациядан өтүү керек болчу" деп түшүндүрүштү.

Жолугушууга катышкандардын айтымында, Жапаров азыркы геосаясий кырдаалда кыргыз-немис алакасын өркүндөтүүнүн мааниси тууралуу айтып, эки тараптуу кызматташтыкты күчөтүүнүн артыкчылыгына токтолду.

29-сентябрда Кыргызстандын лидери “Германия – Борбор Азия” саммитине катышат. Мамлекет башчы немис президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана канцлер Олаф Шольц менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле “Германиянын экономикасынын чыгыш комитети” ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушат.

Быйыл июнда Штайнмайер Бишкекке расмий сапар менен келген. Анда Жапаров Германия жана Европа Биримдиги менен кызматташтык Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыты экенин белгилеген.

Кыргызстандык адистерди Германияда ишке орноштуруу боюнча быйыл августта эки тараптуу меморандумга кол коюлган. Анын демилгечиси Кыргызстандын Берлиндеги элчилиги болгон.

Элчиликтин маалыматына караганда, немис жергесинде 10 миңдин тегерегинде кыргызстандыктар жашайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG