Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:32

Казак депутаттын зомбулук боюнча кайрылган аялдарды да камоо сунушу сынга кабылды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Казакстан парламентинин депутаты, "Аманат" партиясынан шайланып келген Амантай Жаркынбек үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу күйөөлөрү камалган учурда, жабыркаган аялды да камоону сунуштады.

Социалдык тармактарда резонанс жараткан билдирүү 26-сентябрда Мыйзам жана соттук-укуктук реформа боюнча комитеттин жыйынында жасалган.

«Биздин мыйзамда «чагымчы» деген түшүнүк бар. Мындай учурда аял дагы жоопкерчиликке тартылышы керек. Бир кишилик камерада эркек кишини 15 суткага кармоонун кажети барбы? Аны күнөөлүү деп табышса, аялын дагы бир кишилик камерага камоо керек. Үй-бүлөлүк милдеттерди тең бөлсөк, көп көйгөйлөрдү көзөмөлдөй алмакпыз», - деди депутат.

Ал ошондой эле үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка эркектердин айыпталып камалышына нааразылык билдирди.

Казакстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук олуттуу көйгөйлөрдүн бири. Статистикага ылайык, жыл сайын полицияга миңдеген арыз түшөт. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, жыл сайын Казакстанда күйөөлөрүнүн же жарандык никедеги эркектердин колунан 400дөй аял өлүм табат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG