Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:55

УКМК Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалганын билдирди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчы Асанбек) кылмыштуу тобунун эки мүчөсү “опузалап талап кылуу” фактысы менен кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын кабарлашынча, шектүүлөр Көлбаевдин кылмыштуу тобунун абакта жаткан мүчөлөрү менен сүйлөшүп алып, Токмок шаарынын тургунун коркутуп, 2500 доллар талап кылышкан. УКМК 26-сентябрда шектүүлөр акча талап кылган тургундан 210 миң сом алып жаткан жеринен кармалганын билдирди.

Шектүүлөр атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Кылмыш жаза кодексинин 208-беренеси (“Опузалап талап кылуу”) боюнча тергөө жүрүп жатат.

Атайын кызмат Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү ар кандай кылмышка шек саналып кармалганын байма-бай жарыялап келет. Кримтөбөл атыккан Камчыбек Көлбаевге козголгон соңку кылмыш иши 2021-жылы кыскарганы август айында белгилүү болгон.

УКМК Көлбаевди 2020-жылы октябрь айында кармап, ал кылмыштуу топ түзүүгө айыпталып жатканын билдирген, бирок төрт айдан кийин тилкат менен абактан чыккан. Мекеме 250 миллион сомдон ашуун кылмыштуу кирешени адалдоо фактысы боюнча Көлбаевге карата иликтенип жаткан иштин алкагында анын туугандары мамлекетке 49,6 миллион сом которгонун билдирген.

Көлбаев 2008-жылы Москвада “мыйзамдагы ууру” макамын алганы айтылган. Аны АКШ 2012-жылы дүйнөдөгү таасирдүү наркобарондордун тизмесине кошкон. Ошол жылы ал мекенинде “кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон жана адам уурдаган” деген айып менен үч жылга соттолуп, 2014-жылы бошонуп чыккан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG