Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:50

Президент Жапаров иш сапары менен Германияга учуп кетти


Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт.
Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт.

28-сентябрда президент Садыр Жапаров Германиянын канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен Германия – Борбор Азия саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Берлин шаарына учуп кетти.

Өлкө башчы 29-сентябрда Берлинде биринчи жолу өтө турган Германия- Борбор Азия саммитине катышып, Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Сапардын алкагында Борбор Азия лидерлеринин Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана немис ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен биргелешкен жолугушуусуна да катышары пландалууда.

Кыргызстандын делегациясында биринчи айым Айгүл Жапарова, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов, экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов бар. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG