Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:21

Херсондо жарылуулар болгону кабарланды


Украинанын Херсон шаардык аскердик администрациясынын башчысы Роман Мрочко калаада жарылуулар болгонун 27-сентябрда түштөн кийин билдирди.

"Орус армиясы шаарды убактылуу басып алган сол жээктен аткылап жатат. Коопсуз жерде болуп, өзүңөргө жана жакындарыңарга кам көргүлө", - деп жазды ал Телеграмга. Андан башка кошумча маалымат берилбеди.

Херсон шаарын 2022-жылы күзүндө украин армиясы орус күчтөрүнөн бошотуп алган. Андан бери дээрлик күн сайын бул калаа орус армиясынын аткылоосуна кабылууда.

Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирип, айрым аймактарды оккупациялаган. Далилдерге карабай, Кремль Украинадагы аскердик объектилер гана бутага алынарын, калктуу конуштарга чабуул койбогонун айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG