Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:38

Орусия Британиянын 23 жаранына санкция салды


Энтони Радакин
Энтони Радакин

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Улуу Британиянын 23 жаранын санкциялык тизмеге кошту. Арасында армиянын Коргоо штабынын башчысы Энтони Радакин менен Улуу Британия өкмөтүнүн биргелешкен чалгындоо комитетинин башчысы Мадлен Алессандри да бар. Аларга Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынды.

Британ маалымат каражаттары Радакинди Батышта Украинага аскерий колдоо көрсөткөн негизги фигура деп атайт.

Москва аларды "британ тараптын Орусияга каршы санкциялык басымды күчөтүү аракетине" жооп катары кара тизмеге кошконун билдирди.

Кремлдин Украинага согушунан улам Улуу Британия орусиялык айрым чиновниктерге, өнөр жай ишканаларына жана бизнесмендерге каршы катаал санкцияларды киргизген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG