Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:41

Amazon АКШнын монополияга каршы мыйзамдарын бузду деп айыпталууда


Amazon негиздөөчүсү Жеф Безос.
Amazon негиздөөчүсү Жеф Безос.

АКШнын Федералдык соода комиссиясы дүйнөдөгү интернет гиганты Amazon компаниясын монополияга каршы мыйзамдарды бузду деп сотко даттанды. Reuters агенттиги муну "көптөн күтүлгөн кадам" экенин жазды.

Буга чейин АКШ өкмөтү Alphabet (Google), Amazon, Apple, Meta жана Microsoft компанияларынын саясатына бир нече жолу нааразылык билдирген. Вашингтондун көз карашында, бул компаниялар интернеттин эң кирешелүү сегменттерин ээлеп алган.

Федералдык соода комиссиясы 1,3 триллион долларга бааланган Amazon өзүнүн тармагына кошулган сатуучуларга өнүмдөрүн башка платформаларда төмөн баада сатууга уруксат бербей турганын аныктады. Мындан тышкары Amazon башка сатуучуларды кампа жана жеткирүү кызматтарын колдонууга "мажбурлоого" аракет кылганы айтылат.

Amazon сервисинин колдонуучулары Alphabet, Apple, Meta жана Microsoft колдонуучулары сыяктуу интернет айдыңында үстөмдүгүнөн кыянаттык менен пайдаланып жатат деп нааразы болуп келишет.

Компания буга азырынча комментарий берген жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG