Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:42

Бишкекте батирди мыйзамсыз ижарага бергендер текшерилип жатат


Биринчи Май райондук администрациясы тараткан сүрөт.
Биринчи Май райондук администрациясы тараткан сүрөт.

Бишкектин Биринчи Май райондук администрациясы тийиштүү органдар менен бирге шаарда мыйзамсыз ижарага батир бергендерге рейд жүргүздү.

Жыйынтыгында 16 үйдүн ээсине акт түзүлүп, төртөөнө патент берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы 26-сентябрда кабарлады.

Жыл башынан бери отуздан ашуун рейд жүргүзүлүп, 1174 даректе акт түзүлгөн, материалдар Салык кызматына жөнөтүлгөн. Жергиликтүү бийлик текшерүү уланып жатканын эскертти.

Көп кабаттуу турак жайларда ижарага берилген батирдин чарчы метри үчүн айына патенттик негизде 30 сом, жеке үй болсо 40 сом салык төлөнөт. Аны бербегендерге 7500 сом, юридикалык ишкана болсо 23 миң сом айып пул салынат.

Салык кызматынын түшүндүрмөсүнө караганда, батир ээси салык режимин өзү тандайт жана патент, бирдиктүү салык же жалпы режим аркылуу төлөй алат. Ижарага берилген батирдин аянты 50 чарчы метрден ашса, бир айлык патенттин баасы 1500 сом болот.

Соңку бир жылда Бишкекте батирдин ижара акысы кескин өстү. Азыр орто эсеп менен көп кабаттуу үйдөгү бир бөлмөлүү батирдин бир айлык ижара акысы 30-40 миң сомдун тегерегинде.

Кыргызстанда орточо айлык 30 миң сом. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG