Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:40

Садыр Жапаров Кемпир-Абад боюнча маалыматтарга комментарий берди


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров маалымат каражаттарына чыккан “Кытай Кемпир-Абаддан Ферганага таза суу жеткире турган долбоорду каржылайт” деген жаңылык боюнча комментарий берди.

26-сентябрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде мамлекет башчы Кемпир-Абад суу сактагычын буга чейин 100% Өзбекстан башкарып келгенин, былтыр чек ара менен кошо суу сактагычтын да маселеси чечилип, Кыргызстан менен Өзбекстан аны 50-50% башкарып калганын айтты.

Жапаров Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычындагы суунун 10% гана колдонорун, калганы Өзбекстанга агып кетерин кошумчалады.

- “Кемпир-Абаддан” Барпы айыл аймагынан 1741 кожолук, Таш-Булак айыл аймагынан 110 кожолук, Ырыс айыл аймагынан 950 кожолук, Сузак айыл аймагынан 300 кожолук жалпы 3101 кожолук 3848 га жер аянтын сугат суусу менен камсыз болуп турат. Калган суу түптүз эле Өзбекстанга агып кетет. Мурда сугат мезгилинде суу жетпей, “сууну көбүрөөк ачып койгулачы” деп суранып барып жүргөн экенбиз. Кээ бир учурларда жайдын күнү суу толук жетпей калган жылдар болгон. Жергиликтүү калк жакшы билет. Быйыл болсо жогорудагы аймактарга суу толук жетип турду. Анан эми эң негизги маселеге токтолоюн. Өзбек тарапка кетип аткан сууну өзбек тарап арык менен алып кетеби, түтүк менен алып кетеби же асман менен алып кетеби, кайсы айырмасы бар? Ар бир кыймыл-аракетти эки тарап макулдашып жасап турабыз. Мындан ары кыргыз-өзбек достугу бекем болот. Бир Кудайдан башка эч ким буза албайт, - деди ал.

24-сентябрда Кытайдын “SINOMASH” холдинги Кемпир-Абад суу сактагычынан Өзбекстандын Фергана облусуна таза суу жеткирүү долбоорун каржылоону көздөп жатканы жөнүндө маалымат чыккан. Маалыматка ылайык, Кытай менен тиешелүү келишимдерге кол коюлган. Мындан тышкары кытай компаниясы аймактагы социалдык мекемелерди оңдоп-түзөө жана куруу менен да алектенери айтылган. Кытай менен 300 млн долларлык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу макулдашууларга жетишилген.

Бул тууралуу Фергана облустук администрациясы кабарлаганын “Азаттыктын” өзбек кызматы жазган. Маалыматты Кыргызстандын жергиликтүү медиа каражаттары да жарыялаган.

Жапаров өз комментарийинде "Азаттык" жарыялаган видео материалда "Кемпир-Абад" мурда Кыргызстанга карачу" деп элдин башын айландырганга аракет кылыптыр" - деп сындаган.

"Азаттык" аталган видео редакциялык талдоо үчүн социалдык медиадагы каналдарынан алынганын, ал эми кабар түзөтүү менен толукталып чыгарылганын билдирет.

Былтыр Өзбекстан менен Кыргызстан чек арада жайгашкан Кемпир-Абад суу сактагычын чогуу башкаруу жөнүндө келишим ратификацияланган. Макулдашуу боюнча суу сактагыч турган 4485 гектар жер Өзбекстанда берилген. Кыргыз бийлиги бул үчүн Өзбекстан 19 миң гектар жер бергенин билдирген.

Макулдашууга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандын биргелешкен комиссиясы башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана башка күтүүсүз жагдайлар кирбей турганы жазылган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан жер маселеси былтыр өлкөдө чоң саясий темага айланган. Бийлик Кыргызстандын кызыкчылыктары толук корголгонун билдирген. Анын жери өзбек тарапка өтүп жатат деген кооптонуусун айтып чыккан 30га жакын саясатчы жана активист камакка алынган, алардын бир тобу ар кандай жүйө менен үй камагына чыккан, азыр 11и тергөө абагында отурат. Аларга “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде иш козголгон. Иштин фигуранттары бул айыптоолорду четке кагып келишет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG