Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:02

БУУ эксперттери тажик өкмөтүнө жөнөткөн катына жооп күтүүдө


Тажикстанда камалган журналисттер.
Тажикстанда камалган журналисттер.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) сегиз эксперти Тажикстанда соттолгон журналисттер менен жарандык активисттердин тагдырына тынчсыздануусун билдирип, өткөн жумада тажик бийлигине жөнөткөн катына жооп күтүүдө.

20 беттен турган катта эксперттер менен атайын баяндамачылар Дүйшөмбүдөн соттолгон журналисттердин, блогерлердин жана жарандык активисттердин укуктарынын одоно бузулушуна түшүндүрмө талап кылышкан.

БУУнун эксперттери быйыл май айында да тажик бийлигине кайрылып, журналист жана блогерлер Далер Имомали, Абдулло Гурбати, Завкибек Сайдамини, Абдусаттор Пирмухаммадзода, Хушруз Жумаевдин, укук коргоочулар Абдулмажид Ризоев, Манучехр Холикназаров, Фармуз Иргашев жана Улфатхоним Мамадшоеванын камакка алынышы жана камактагы шарттары, алардын кыйноого алынганы жөнүндө маалымат беришкен. Анда соттолуучулардын баары экстремизм жана тыюу салынган уюмдар менен кызматташуу боюнча ойдон чыгарылган айыптар менен камалганы белгиленген.

Дээрлик баары 2022-жылы кармалып, айрымдары узак мөөнөткө, кээ бирлери өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Соттолуучулардын тарапташтары жана эл аралык укук коргоо уюмдары алар саясий негиз менен камалганын билдирип келишет.

Акыркы жылдары Тажикстандын өкмөтү өлкөдө адам укуктарынын бузулуп жатканына байланыштуу БУУнун, Батыш өлкөлөрүнүн жана эл аралык укук коргоо уюмдарынын сынына кабылууда. Тажик бийлиги буга адатта комментарий бербейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG