Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:35

Азия оюндары: Эрлан Шеров финалга чыкты


XIX жайкы Азия оюндарына Кыргызстандан 164 спортчу катышып жатат.
XIX жайкы Азия оюндарына Кыргызстандан 164 спортчу катышып жатат.

Дзюдо боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Эрлан Шеров Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын финалына чыкты. Спортчу 90 кг салмак даражасында беттешти.

Эрлан Шеров алгач кытайлык спортчуну 1:0 эсебинде, чейрек финалда ливандык атаандашын 10:0 эсебинде жана жарым финалда Бириккен Араб Эмирликтеринен спортчуну жеңип, финалга жолдомо алды.

Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 14:00до болот.

XIX жайкы Азия оюндары 2022-жылы жылы өтүшү керек эле. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу 2023-жылга калган.

Быйыл Азия оюндарына 45 өлкөдөн 12 500 спортчу катышып жатат. Алар спорттун 40 түрүнөн мелдешүүдө. Кыргызстандан Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Акжол Махмудов, Айбек Кубанычбек уулу, Гүлшанай Сатарова баштаган 164 спортчу катышып жатат. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG