Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:03

Тоолуу Карабактан Арменияга көчкөндөр 6500гө жетти


Тоолуу Карабактын жикчил аймагынан Арменияга жер которгондор 6650 адамга жеткенин армян өкмөтү 25-сентябрда кечке жуук билдирди.

Министрлер кабинети алардын 5600гө жакынына баш калкалоочу жерлер бөлүштүрүлүп, калгандардын муктаждыктары такталып жатканын билдирди. Маалымат каражаттары бозгундардын саны өсүп жатканын жазышты.

Дүйшөмбү күнү Азербайжандын Нахичеван автоном республикасында азери президенти Илхам Алиев Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоганды кабыл алганда, Карабактагы армяндардын коопсуздугу сакталарын билдирген. Анын алдында жикчил топтун лидерлери Карабактагы армяндар коопсуздугунан чоочулап жер которуп кетип жатканын айтышкан.

19-сентябрда Азербайжан бийлиги "конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү" деген максатта Тоолуу Карабакта "антитеррордук операция" жарыялаган.

Эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабак бийлиги 20-сентябрда түштө ок атууну токтотконун жана азербайжан тараптын бардык талаптарын аткарууга макул экенин билдирген.

Ал тапта Ереванда оппозициянын нааразылык акциялары уланып, полицияга баш ийбеген ондогон демонстранттар кармалганын "Азаттыктын" армян кызматы кабарлады. Тоолуу Карабак Азербайжандын көзөмөлүнө өткөндөн бери оппозиция премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган митингдерди уюштурууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG