Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:33

Украина Сорокинодогу ок-дары сакталган кампага сокку урду


Украин аскерлери колдонгон аскердик техникалардын бири. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.
Украин аскерлери колдонгон аскердик техникалардын бири. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

25-сентябрда украин аскерлери Луганск облусунун орус күчтөру басып алган бөлүгүндөгү Сорокино шаарында жайгашкан "Юность" заводунун аймагына сокку урду. Орусиянын бийлиги калааны советтик аталыш менен Краснодон дейт.

2014-жылы шаар өзүн "Луганск элдик республикасы" деп атаган орусиячыл жикчилердин көзөмөлүнө өткөндөн бери аталган заводдун аймагында ок-дары сакталганы айтылууда.

Орус жана украин маалымат каражаттары жана Телеграм каналдары жардыруулардын сүрөттөрүн, видеолорун жарыялады.

Маалыматка караганда, украин армиясы 100 чакырымдан алыс уча турган Storm Shadow ракеталары менен сокку урган.

Орусиянын Тергөө комитети “өндүрүш объектиси” бутага алынганын билдирип, эки адам каза таап, үчөө жараат алганын маалымдады. Жардыруунун күчүнөн үйлөр зыян тартканы айтылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG