Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:27

“Унаа” мамлекеттик мекемесинин базасында жаңы агенттик түзүлдү


“Унаа” мамлекеттик мекемеси.
“Унаа” мамлекеттик мекемеси.

“Унаа” мамлекеттик мекемесинин базасында Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы 26-сентябрда кабарлады.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков эми Бишкек, Ош шаарларында жана 40 райондо агенттиктин өзүнүн автомектептери ачылып, машиненин түрлөрүн айдоону окутуп үйрөтөрүн билдирген.

Кыргызстанда автоунааларды каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү менен алектенген “Унаа” мамлекеттик мекемеси 2018-жылы негизделген. Ишкана Садыр Жапаровдун 2021-жылдын аягындагы жарлыгы менен Ички иштер министрлигинин (ИИМ) карамагына өткөн.

Президент өткөн жылы Фейсбуктагы баракчасына өлкөдө айдоочулук күбөлүк берүүдөгү коррупциялык схемаларды жоюуга өзгөчө көңүл бурарын жана “Унаа” ишканасынын иштөө ыкмасы өзгөртүлөрүн жазган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG