Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:48

Музей кыздын муралы эмнеге өчүрүлгөнүнө түшүндүрмө берди


Музейдин дубалындагы мурал өчүрүлгөнгө чейин. Сүрөт социалдык тармактардан алынды.
Музейдин дубалындагы мурал өчүрүлгөнгө чейин. Сүрөт социалдык тармактардан алынды.

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин дубалдарынын бирине тартылган Kyz Power деп аталган мурал “Бишкекбашкыархитектура” ишканасынын буйругу менен өчүрүлгөн. Бул тууралуу музейдин түшүндүрмөсүндө айтылат.

Түшүндүрмөдө архитектуралык эстеликтерди коргоо эрежесине ылайык, оңдоп түзөөгө байланышкан бардык иштер тийиштүү мамлекеттик органдардын макулдугу менен жүргүзүлөөрү айтылат.

Мекеме аталган мурал тийиштүү органдардын уруксаты жок, музейдин жетекчилигинин гана чечими менен тартылганын белгилейт. Мындан улам “Бишкекбашкыархитектура” дубалды мурунку калыбына келтирүү үчүн музейге эскертүү жөнөткөн.

Мурал өчүрүлгөндөн кийин. Сүрөт социалдык тармактардан алынды.
Мурал өчүрүлгөндөн кийин. Сүрөт социалдык тармактардан алынды.

24-сентябрда социалдык тармактарда музейдин дубалындагы кыздын элеси тартылган мурал өчүрүлүп жатканы жөнүндө видео тарап, кызуу талкууга жем таштады.

Интернеттеги маалыматка ылайык муралды Basicolors арт-тобунун сүрөтчүлөрү жараткан. Ал эмгек кыз-келиндердин укугуна арналган. Мурал – дубал беттерине тартылган живопись.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG