Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Ереванда оппозиция баш ийбөө акциясын өткөрүп жатат


Армениянын оппозициясы 25-сентябрдан тарта өлкөдө баш ийбөө акциясын баштады.

Демонстранттар бир нече топко бөлүнүп, Еревандын көчөлөрүн тосуп жатканын "Азаттыктын" армян кызматы жазды. Полиция митингчилердин аракети мыйзамсыз экенин эскертти.

Эртең менен саат сегизде башталган баш ийбөө акциясы саат 11ге чейин улана турганы маалымдалган.

Ички иштер министрлиги Еревандын көчөлөрүндө полициянын талабына баш ийбеген 50дөн ашуун жаран кармалганын билдирди.

Тоолуу Карабак Азербайжандын көзөмөлүнө өткөндөн бери оппозиция премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган митингдерди уюштурууда.

Дээрлик бир аптадан бери уланып жаткан акцияларда полицияга баш ийбеген бир канча демонстрант кармалып, 50гө жакынына кылмыш иши козголду.

19-сентябрда Азербайжан бийлиги "конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү" деген максатта Тоолуу Карабакта "антитеррордук операция" жарыялаган.

Эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабак бийлиги 20-сентябрда түштө ок атууну токтотконун жана азербайжан тараптын бардык талаптарын аткарууга макул экенин билдиришкен.

Азербайжан менен Армениянын ортосундагы талаштуу Тоолуу Карабакты дүйнө коомчулугунун басымдуу бөлүгү Бакуга таандык деп эсептейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG