Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:27

Ленин округу: БШК Самаковду Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттады


Кубанычбек Самаков.
Кубанычбек Самаков.

Борбордук шайлоо комиссиясы 24-сентябрда жыйынга чогулуп, Жогорку Кеңешке депутат кылып Кубанычбек Самаковду каттады. Самаков депутаттык күбөлүк жана төш белги тапшырылды. Бул тууралуу мекеменин сайтында жарыяланды.

20-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, 5 279 добуш алган талапкер Кубанычбек Самаков жеңүүчү деп тапкан.

Округда биринчи жолу кайра шайлоо 2021-жылы шайланып келген Жаныбек Абиров депутаттык мандатын өз ыктыяры менен тапшыргандан кийин жарыяланган. Ал мандатын Бишкек шаарындагы кафелердин биринде мушташка катышып, күзөтчүлөрдүн бирин сабап салгандан кийин тапшырган.

28-майда болгон кайра шайлоонун жыйынтыгында талапкер Дамира Ниязалиева биринчи орунду ээлеген. Добуш сатып алуу боюнча кылмыш иши ачылып, Ниязалиева менен дагы бир талапкер Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылган. Анын негизинде шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG