Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:47

Балбан Жоламан Шаршенбеков эки жолку Дүйнө чемпиону болду


Жоламан Шаршенбеков күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында. 22-сентябрь, 2023-жыл.
Жоламан Шаршенбеков күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында. 22-сентябрь, 2023-жыл.

Балбан Жоламан Шаршенбеков Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медал тагынды.

Шаршенбеков 23-сентябрда грек-рим күрөшүнөн 60 кг салмакта финалда Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын эки жолку чемпиону, Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси, жапониялык Кеничиро Фумитаны 11:6 эсебинде утту. Аталган эки балбан буга чейин 2020-жылы Азия чемпионатынын финалында беттешип, таймашта жапониялык жеңишке жеткен.

Шаршенбеков финалга чейин 22-сентябрда литвалык Юстас Петравичусту (10:2), грузиялык Придон Абуладзени 9:0, чейрек финалда Исломжон Бахрамовду (10:0), жарым финалды ирандык Мехди Мохсен Нежадды (4:3) жеңди.

Жоламан Шаршенбеков 24 жашта. Ал ушуну менен экинчи жолу Дүйнө чемпиону болду. Бир жыл мурда дал ушул Сербияда өткөн Дүйнө чемпионатында дагы алтын медал тагынган. Ал ошондой эле Дүйнө чемпионатынын эки жолу күмүш байгесине ээ болгон (2018-ж., 2021-ж.). Азиянын эки жолку чемпиону. Уландар жана жаштар арасында Азия жана Дүйнө чемпионаттарынын бир нече жолку байге ээси.

Балбан 2024-жылкы Париж Олимпиадасына жолдомого да ээ болду.
Шаршенбековдон сырткары бул чемпионаттын алкагында азырынча ушундай эле жолдомону Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов утту. Тыныбекова бул мелдеште 3-жолу Дүйнө чемпиону болсо, Айпери Медет кызы күмүш медал тагынды. Акжол Махмудов экинчи жолу Дүйнө чемпиону аталды. Кыргызстандык дагы бир балбан Амантур Исмаилов дагы Олимпиадага жолдомо алышы ыктымал. Ал 24-сентябрда грек-рим күрөшүнөн 67 килограмм салмакта коло байге үчүн таймашка чыгат. Атаандашы 24-сентябрда боло турган жооткотуучу беттештерден кийин белгилүү болот. Таймаш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Учурда 2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде беш жолдомо бар. Буга чейин сууда сүзүүчү Денис Петрашов да Жапонияда өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгында Олимпиадага катышууга лицензия алган.

16-сентябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 24-сентябрга чейин уланат. Таймаштар эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшүнөн 10дон салмакта өтүп жатат. Мелдеште олимпиадалык салмактарда алтын, күмүш, коло байге алгандарга жана 5-орунду ээлеген бирден балбанга Олимп оюндарына жолдомо берилет (жалпы 90 жолдомо).

Күрөш боюнча Олимпиадага жолдомо берилчү салмактар төмөндөгүдөй:
Эркин күрөштөн 57, 65, 74, 86, 97 жана 125 кг, грек-рим күрөшүнөн 60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг жана кыз-келиндер күрөшүнөн 50, 53, 57, 62, 68 жана 76 кг. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG