Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:24

Балбан Амантур Исмаилов Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөт


Амантур Исмаилов күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында. Белград, Сербия. 23-сентябрь, 2023-ж.
Амантур Исмаилов күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында. Белград, Сербия. 23-сентябрь, 2023-ж.

Балбан Амантур Исмаилов Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөт. 23-сентябрда грек-рим күрөшүнөн 67 кг салмакта күч сынашкан Исмаилов жарым финалда кубалык Луис Альберто Орта Санческе утулду.

Ал буга чейин үч атаандашына бир да упай бербей, ири айырма менен жеңген. Алгач литвалык Криступас Слейваны 10:0, 1/8 финалда франциялык Мадамасса Силланы 8:0, чейрек финалда грузиялык Жони Кецурианини 9:0 эсебинде уткан.

Коло байге жана Олимпиадага лицензия үчүн ким менен беттешери 24-сентябрда белгилүү болот. Таймаш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Амантур Исмаилов 25 жашта. Дүйнө чемпионатынын (2022), Азия чемпионатынын (2021) жана Азия оюндарынын (2018) коло медалдарын тагынган. Ислам шериктештиги оюндарынын күмүш байгесинин ээси.

16-сентябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 24-сентябрга чейин уланат. Таймаштар эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшүнөн 10дон салмакта өтүп жатат. Мелдеште олимпиадалык салмактарда алтын, күмүш, коло байге алгандарга жана 5-орунду ээлеген бирден балбанга Олимп оюндарына жолдомо берилет (жалпы 90 жолдомо).

Буга чейин Париж Олимпиадасына жолдомону кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова, сууда сүзүүдөн Денис Петрашов, грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков алды.

Күрөш боюнча Олимпиадага жолдомо берилчү салмактар төмөндөгүдөй:
Эркин күрөштөн 57, 65, 74, 86, 97 жана 125 кг, грек-рим күрөшүнөн 60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг жана кыз-келиндер күрөшүнөн 50, 53, 57, 62, 68 жана 76 кг. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG