Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:59

Садыр Жапаров документтер кыргыз тилинде жазылышы керектигин айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, ушул тапта кыргыз тили чектелүү чөйрөдө: коомдук-саясий жана маданий тармактарда колдонулуп, билим, илим жана техника чөйрөсүнө сүңгүп кире албай жатканын билдирди. Мамлекет башчы кыргыз тилин мамлекеттик саясаттын негизги багыты катары карап, өлкөнүн расмий турмушуна терең сиңирүү кажет экенин кошумчалады.

“Ошол эле маалда ар кандай документтерди башка тилде жазып, андан кийин гана кыргыз тилине которуу тажрыйбасынан арылышыбыз керек. Мамлекеттик тилдеги билим берүү тутумунун пайдубалынан бери кайра карап, кыргыз тилинде билим алып, оюн туюнтуп, кагазга түшүрө алган кызматкерлерди азыртадан өстүрүп чыгуубуз зарыл. Артыкчылыктуу илим тармактарында кыргыз тилдүү окумуштуу, изилдөөчүлөрдүн жаңы муунунун жаралышына тиешелүү шарттардын баарын түзүшүбүз абзел. Жалпы илимдин жана кыргыз тилинин илимий базасын байытуу дагы учурдун талабы болуп турат”, - деп айтылат куттуктоодо.

Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна быйыл 34 жыл болду. 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан кийин кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген.

Быйыл 17-июлда Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт.

Мындан тышкары, шайлоо, референдумга даярдык, аны өткөрүү, соттук өндүрүштөр, сот жараяндары, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын иши кыргыз тилинде болот. Эл аралык келишимдерди түзүү, ченемдик актыларды иштеп чыгуу, документтерди жүргүзүү, менчик жана мамлекеттик мекемелердин аталыштары, географиялык аталыштар, товардык белгилер, фирма, компаниялардын аталыштары да мамлекеттик тилде болушу кажет.

Мыйзамдын 32-беренесине ылайык мамлекеттик тилди билүүгө тийиш болгон, ошондой эле аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү кызматкерлердин тизмеси аныкталган. Ага депутаттар, Улуттук банктын, күч органдарынын кызматкерлери, соттор, прокурорлор, адвокаттар, нотариустар, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, дарыгерлер жана башкалар киргизилген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG