Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:39

Сокулуктун Жаңы-Жер айылындагы калайман мушташта бир киши набыт болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

22-сентябрда Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында болгон калайман мушташ маалында атылган октон 1954-жылы туулган бир киши набыт болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясына таянып жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Ок тийген дагы бир 1986-жылкы жигит ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүндө экени кабарланды.

Чүй облустук милициясы билдиргендей, мушташка айылдын тургундары аралашкан.

«Тараптар бир улуттан болот, буга чейин алардын ортосунда жаңжал чыккан эмес. Окуянын бардык катышуучулары аныкталды, тийиштүү тергөө чаралары өткөрүлүп жатат» - деп жазылган милициянын билдирүүсүндө.

Окуя боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG