Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:28

Кыргыз-кытай чек арасы боюнча протоколго кол коюлду


Кыргызстан менен Кытай делегацияларынын башчылары.
Кыргызстан менен Кытай делегацияларынын башчылары.

Бишкекте Кыргызстан менен Кытай делегациялары жолугуп, "Кыргыз-кытай өкмөттөр аралык чек ара режими жөнүндө” макулдашууну талкуулашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Министрлер кабинети маалымат таратты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Кийинки жолугушуу Кытайда өтөт.

Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасында делимитация жана демаркация иштери толук бүткөн. 2004-жылы 24-сентябрда эки өлкөнүн өкмөттөрү кыргыз-кытай чек арасы боюнча протокол бекитишкен.

Министрлер кабинетинин маалыматында, Кыргыз-кытай өкмөттөр аралык чек ара режими жөнүндө макулдашууга кол коюла элек болчу. Аталган макулдашууда чек арадан өтүү, мыйзам бузуу, чыр-чатакты жөнгө салуу сыяктуу эрежелер жазылат.

Кыргыз-кытай чек арасы боюнча 1996- жана 1999-жылы негизги жана кошумча келишимдерге ошол кездеги президент Аскар Акаев жана Кытайдын лидери Цзянь Цземин кол коюшкан. Ал келишимдеги Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилиши кыргыз коомчулугунда сынга кабылган.

Кыргыз-кытай чек арасында "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө бекеттери бар. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG