Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:36

Дин комиссиясы мамлекеттик органдарды светтик принципти карманууга чакырды


Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия өткөргөн жыйын.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия өткөргөн жыйын.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия 21-сентябрда мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кеңешме жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Анда Дин комиссиясы баяндама жасап, мамлекеттик органдарды светтик принцип менен иш алып барууга чакырды. Жыйын 2022-жылы кабыл алынган “2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекетик саясатынын концепциясын” ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.

Иш-чарада өлкөдөгү диний кырдаал да талкууланып, мамлекеттик кызматкерлер пикир алмашышты.

Кыргызстанда үч жолу диний саясат боюнча концепция кабыл алынган. Ар бири алты жылдык мөөнөттө мамлекеттик диний саясатты тартипке келтирүү максатын көздөйт. Акыркы кабыл алынган концепция 2021-2026-жылдарга багытталган. Анда негизги маселелердин бири катары мамлекеттин светтик негиздерин бекемдөө, ар бир жарандын диний ишенимин камсыздоо каралган.

Кыргызстандын Баш мыйзамында дин мамлекеттик башкарууга аралашпай турганы жазылган. Конституция ар бир жарандын дин тутуу эркиндигине кепилдик берет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG