Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:27

Жалал-Абадда азиздер арасында кичи футбол мелдеши өттү


Футболдук мелдеш учурунда тартылган сүрөт.
Футболдук мелдеш учурунда тартылган сүрөт.

20-сентябрда Жалал-Абад шаарында көзү азиз адамдар арасында кичи футбол боюнча шаар мэринин кубогу өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Кубокко Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан сегиз команда чогулду.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппарат жетекчиси Уларбек Исмаилов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Эркинбек Маматаев облустагы майыптыгы бар жарандарга ар тараптуу көмөк көрсөтүү, коомдук, маданий жана спорттук мелдештерди өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди. Бул демилге майыптыгы бар жарандардын мүмкүнчүлүктөрүн ачуу, аларга дем-күч берүү максатында уюштурулганын кошумчалап, бөлүнгөн акчан тапшырдыы.

Жалал-Абад облусунда 52 миңге жакын майыптыгы бар жаран бар. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG