Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:50

Борбор Азия жана Түштүк Кореянын парламент төрагалары декларация кабыл алды


Борбор Азия мамлекеттеринин жана Түштүк Кореянын парламенттеринин төрагаларынын жыйыны. Сеул, Түштүк Корея.
Борбор Азия мамлекеттеринин жана Түштүк Кореянын парламенттеринин төрагаларынын жыйыны. Сеул, Түштүк Корея.

Сеул шаарында уюштурулган Борбор Азия мамлекеттеринин жана Түштүк Кореянын парламенттеринин төрагаларынын алгачкы кеңешмеси жыйынтыкталды.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

"Келечекке багытталган өз ара байланышты өнүктүрүү" аталышында өткөн кеңешменин соңунда биргелешкен декларация кабыл алынды.

Декларация алкагында тараптар саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды мындан ары жигердүү өнүктүрүүнү макулдашып, энергетика, туризм, инфраструктура, билим берүү, саламаттык сактоо, тоо-кен, санариптештирүү өңдүү артыкчылыктуу багыттарда кызматташтыкты кеңейтүү зарылчылыгына токтолушту.

Борбор Азия мамлекеттеринин жана Түштүк Кореянын парламенттеринин төрагаларынын алгачкы кеңешмесине төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.

Жыйында мындай жолугушууларды байма-бай өткөрүү керектиги белгиленип, кийинки кеңешме 2024-жылы Түркмөнстанда өтөрү айтылды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG