Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:22

Балбан Айсулуу Тыныбекова Париж Олимпиадасына жолдомо алды


Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында польшалык Анастасия Волчинска менен күрөшүүдө. 20-сентябрь, 2023-ж. Белград, Сербия.
Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында польшалык Анастасия Волчинска менен күрөшүүдө. 20-сентябрь, 2023-ж. Белград, Сербия.

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова финалга чыгып, 2024-жылы Парижде боло турган жайкы Олимп оюндарына жолдомо алды. Бул Олимп оюндарына алынган Кыргызстандын куржунундагы экинчи жолдомо.

Кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күч сынашкан Тыныбекова жарым финалда германиялык балбан Луиза Ниемешти 4:2 эсебинде утту. Ал буга чейин польшалык Анастасия Волчинсканы (8:2), 1/8 финалда молдовалык Мариана Чердивара Эсануну (4:2), чейрек финалда украиналык Ирина Коляденкону (2:2) жеңген. Алдыда 21-сентябрда алтын байге үчүн жапониялык Сакура Мотоку менен беттешет. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Айсулуу Тыныбекова 29 жашта. Ал дүйнөнүн эки жолку чемпиону. Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү. Азиянын беш жолку чемпиону. Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси.

Бул күнү кыргызстандыктар Нурзат Нуртаева менен Мээрим Жуманазарова да күрөштү.

72 килограмм салмакта Нуртаева квалификациялык беттеште жапониялык Мива Морикавага жеңилди. 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова перулук Йанет Урсула Сове Нунону (10:0), 1/8 финалда украиналык Татиана Сева Ружкону (5:2) жеңип, колунан жаракат алганына байланыштуу чейрек финалда жапониялык Ами Ишии менен беттешке чыкпай, мелдештен четтеди.

Бир күн мурда 76 килограмм салмакта кыргызстандык Айпери Медет кызы финалга чыгып, Кыргызстандын эсебине Олимп оюндарына алгачкы жолдомо алып келген. Айпери Медет кызы бүгүн, 20-сентябрда жапониялык Юко Кагами менен алтын медал үчүн күрөшөт.

16-сентябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 24-сентябрга чейин уланат. Таймаштар эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшүнөн 10дон салмакта өтүп жатат. Мелдеште олимпиадалык салмактарда алтын, күмүш, коло байге алгандарга жана 5-орунду ээлеген бирден балбанга Олимп оюндарына жолдомо берилет (жалпы 90 жолдомо).

Күрөш боюнча Олимпиадага жолдомо берилчү салмактар төмөндөгүдөй:
Эркин күрөштөн 57, 65, 74, 86, 97 жана 125 кг, грек-рим күрөшүнөн 60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг жана кыз-келиндер күрөшүнөн 50, 53, 57, 62, 68 жана 76 кг. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG