Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:11

Тоолуу Карабактан миңдеген этностук армяндар чыгып кетүүгө камынууда


Жикчил Тоолуу Карабактын тургундары. 19-сентябрь, 2023-жыл.
Жикчил Тоолуу Карабактын тургундары. 19-сентябрь, 2023-жыл.

Жикчил Тоолуу Карабактын де-факто лидерлери куралдарын таштап, этностук армяндарды Азербайжандын курамына «реинтеграциялоо» боюнча сүйлөшүүлөргө макул болгондон кийин миңдеген армян 20-сентябрда Тоолуу Карабактын аэропортуна чогулду.

20-сентябрда Азербайжандын бийлиги ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуунун алкагында аймактагы жикчил күчтөргө Арменияга коопсуз чыгып кетүүнү камсыздоого убада берген.

Евробиримдик Азербайжандын президентин аймактагы этностук армяндардын укугун коргоп, «ок атууну толук токтотуп, армяндарга коопсуз, татыктуу мамиле жасоого» чакырды. Бул тууралуу Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель Илхам Алиев менен телефондон сүйлөшкөндө айткан.

20-сентябрда Азербайжан бийлиги менен жикчил аймактын лидерлери ок атышууну токтотууну макулдашкан. Тоолуу Карабактын лидерлери орус бейпилдик күчтөрүнүн сунушун кабыл алып, армян жамаатын Азербайжанга "реинтеграциялоо" тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө макул болушкан.

Азербайжан 19-сентябрда «антитеррордук операция» баштап, 20-сентябрда аны улантуу ниети бар экенин билдирген.

Сүйлөшүү 21-сентябрда Бакудан 265 чакырым батышта жайгашкан Азербайжандын Елвах шаарында өтөрү маалым болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG