Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:19

Бишкек шаарында ун саткан жармаңкелер уюштурулууда


Бишкектеги ун саткан базарлардын бири.
Бишкектеги ун саткан базарлардын бири.

Бишкек шаарында ун сатуу боюнча атайын жармаңкелер 20-сентябрдан тарта иштей баштады. Бул тууралуу Монополияны жөнгө салуу кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматында айтылгандай, жармаңкеде 1-сорттогу 1 килограмм ундун баасы 30 сомдон ашпашы керек. Экономика жана коммерция министрлиги бир кап ундун баасын 1500 сом деп бекитти. Жармаңкелердин тизмеси менен бул жактан таанышсаңыз болот.

Монополияны жөнгө салуу кызматынын маалыматы боюнча, Ош, Баткенде 1-сорттогу ундун бир мүшөгү (50 кг) 1700-1900 сом, Нарында 1700-2100 сом, Жалал-Абадда 1500-1750 сом, Ысык-Көлдө 1400-1450 сом, Таласта 1725-1750 сом болууда.

Кыргызстандын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясы ички рыноктун 50% казак унун түзөрүн билдирди. Өкмөт казак унунун баасы жөнүндө маалымдаган жок.

19-сентябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында бир нече депутат базарда нандын, ундун баасы кескин кымбаттаганын айтып чыгышкан.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдө буудай тартыштыгы жок экенин, казак уну темир жолдогу сезондук тыгындан улам кымбаттап жатканын айткан.

Министрлер кабинети буудай, меслин жана буудай унун Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) аймагынан сыртка ташууга убактылуу тыюу салууну сунуштап жатат.

Кыргызстан буудайды негизинен Казакстан менен Орусиядан алып келет. Мурда эки өлкөнүн буудай импортундагы үлүшү дээрлик теңме-тең болчу, Орусиядан 55%, Казакстандан 45% келчү. 2022-жылы бул көрсөткүч кескин өзгөрүп, Орусия 97%, Казакстан 3% үлүшкө ээ болгон. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG