Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:55

Түркияда каза болгон эки учкучтун сөөгү Кыргызстанга жеткирилди


Түркия. Окуя болгон жер.
Түркия. Окуя болгон жер.

Түркиянын Мендерес аймагында тик учак кырсыгында каза болгон эки кыргызстандыктын сөөгү 20-сентябрда Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 20-сентябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын сөөгү жакындарына өткөрүлүп берилди.

16-сентябрда Мендерес аймагында токойдогу өрттү өчүрүүгө катышкан тик учак Тахтали дамбасына кулап түшкөн. Кырсыкка кабылган тик учакты башкарып бараткан кыргызстандыктардын экөө учкуч, бирөө бортмеханик болгонун Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу билдирген. Алар менен кошо бортто түркиялык жаран да болгон.

Үч кыргызстандыктын бири чөгүп бараткан тик учактан өз алдынча чыгып, жээкке сүзүп барган. Каза болгон кыргыз жарандарынын сөөгү 18-сентябрда табылган.

Кыргыз жарандары ал жакта келишимдик негизде иштеп жүрүшкөнү айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG