АКШнын мамлекеттик катчысы Антони Блинкен Тоолуу Карабактагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн жакынкы 24 сааттын ичинде Баку жана Ереван менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул тууралуу 20-сентябрга караган түнү Reuters агенттиги жазды.
19-сентябрда Азербайжан армиясы “конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү” максатында Карабакта "антитеррордук операция" жарыялап, армян жана жикчил карабак армиясынын турумдары бутага алынганын билдирген. Ереван Тоолуу Карабакта аскерлери бар экенин четке кагууда.
"Азаттыктын" армян кызматы Азербайжандын "операциясында" беш киши набыт болуп, 80 адам жараат алганын, каза тапкандардын 15и жайкын тургун экенин жазды.
Мурдараак Баку Азербайжанда эки автоунаа минага жарылып, алты киши, анын ичинде полициянын төрт кызматкери каза болгонун билдирген. Азербайжан муну "армян диверсанттык тобунан" көргөн.
Ереванда өкмөткө нааразылык акциялары өтүп жатканын, акцияга чыккандар өкмөт башчы Никол Пашиняндын кызматтан кетишин, бийлики Карабактагы жаңжалга кийлигишүүсүн талап кылганын бир канча Телеграм каналдар кабарлады. "Азаттыктын" кабарчысы полиция менен демонстранттардын ортосунда кагылышуу болгонун жеринен билдирди.
Тоолуу Карабактын эл аралык коомчулук тааныбаган жетекчилиги Бакуга сүйлөшүү баштоону сунуштаганын аймактын бирдиктүү маалымат борбору тартты. Ушундай эле маалыматты "Интерфакс" агенттиги да жазды.
Facebook шеринеси