Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:27

Мурдагы милиция башчысы Уланбек Аалиев акталып, кылмыш иши кыскартылды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бишкек шаарындагы Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Уланбек Аалиевге козголгон кылмыш иши кыскартылып, коюлган бардык айыптар боюнча акталды.

Жогорку Соттун маалымат кызматы 19-сентябрда билдиргендей, Аалиевди былтыр 23-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин “Кыйноо”, “Опузалап пара алуу” жана “Пара алуу” деген беренелери боюнча актаган. Ал эми Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” деген берене боюнча күнөлүү деп табылып, ага 300 миң сом айып салынган.

Быйыл майда Бишкек шаардык соту бул чечимди өзгөртүүсүз калтырган.

19-сентябрда Жогорку Соттун коллегиясы эки инстанциянын чечимдерин өзгөртүп, анын аракетинде кылмыштын курамы жок деп бүтүм чыгарып, ишти кыскартты. Ага реабилитация болууга укук берилди.

Аалиев жана дагы бир нече милиция кызматкери алдамчылыкка шектелип жаткан Асыл Талипова аттуу жарандын ишине байланыштуу 2021-жылы октябрда кармалган. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы алар “Талипованы кыйноого алган, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана пара талап кылган” деп айыпталып жатканын билдирген.

Аалиевдин тарапташтары ага жалган жалаа жабылып жатканын айтып, акцияга чыгышкан. Ага Талиповага ири суммада акча берип, алданганын айткандар да катышып жүрүшкөн. Алар Аалиевдин тушунда Талиповага иш козголуп, камакка алынганын, бирок кийин ишти Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы өзүнө алгандан кийин Талипова үй камагына чыгарылганын, ал эми акчасын сурап барган 23 кишинин экөө “акча опузалап жатат” деп камалганын “Азаттыкка” айтып беришкен.

Уланбек Аалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында 1 жыл 2 ай кармалган.

Талипованын ошол кездеги адвокаты Канат Хасанов аны бошотууну талап кылып Бишкек милициясынын алдында акция өткөргөн жана алты баланын жалгыз бой энеси эч негизсиз кармалып турганын билдирген. Эртеси күнү ал үй камагына чыгарылган.

Өзүн курулуш компаниясынын жетекчиси катары тааныштырып жүргөн Талипова иорданиялык инвесторлор аралашкан “Нуржанат” компаниясына алданып калганын, буга байланыштуу 2021-жылы милицияга кайрылганын, бирок ал жактагылар 150 миң доллар алып, ишти жаап коюшканын быйыл 9-июнда “Апрель” телеканалына билдирген. Милиция буга комментарий берген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG