Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:14

Кызылча менен ооругандар бир айда дээрлик 400гө көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кызылча (корь) менен ооругандар соңку бир айда дээрлик 400гө көбөйдү. Республикалык иммунопрофилактика борборунун 19-сентябрдагы маалыматына караганда, жыл башынан бери бул ооруга чалдыккандардын саны 2151ге жетти. Бир ай мурда катталгандардын жалпы саны 1700 болчу.

Ооругандардын эң көбү (936) 1-4 жаштагы наристелер. Бир жашка чейинки ымыркайлар 641, 5-9 жаштагылар 331.

Адистердин айтымында, ооруп жаткандардын көбү эмделбегендер.

Өткөн айда бул оорудан эки бала чарчап калган, алар да эмдөөдөн өтпөгөндөр экени аныкталган.

Кызылча аба аркылуу жугуучу өтө жугуштуу жана оор илдет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул оорудан жыл сайын жүз миңдеген адам каза болуп жатканын, алардын көбү беш жашка чыга элек наристелер экенин айтып келет.

Кыргызстанда бул оорудан сактануу мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн бала тийиштүү вакцинаны 1 жана 6 жашка чыкканда калтырбай алышы шарт.

2017-жылдын декабрында кызылча оорусу Кыргызстанда көп каттала баштап, жылына 2-3 миңге чейин жетип жаткан. 2020-жылы катталбай калган. 2021-жылы үч, 2022-жылы бир бейтап катталган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG